Saima Telecom интернет-провайдери – Кыргыз Республикасында байланыш кызматтарынын алдыңкы сатуучуларынын катарында.
Учурда биз Бишкек шаарында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында: Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарында интерактивдүү телевидение менен жогорку ылдамдыктагы интернетке туташуу боюнча кызматтардын кеңири спектрин сунуштап келебиз.
Saima Telecom абоненттери үчүн 500 Мбит/с чейинки ылдамдыкта үйдөгү интернет жана түрдүү категорияларды камтыган: балдарга арналган берүүлөр, тасмалар, спорттук берүүлөр жана жаңылыктар ж.б. көрсөтүлгөн 220дан ашуун O!TV телеканалы жеткиликтүү.
Интерактивдүү ТВ каналдарды бир учурда бири-бирине көз каранды болбогон 5 башка түзүлүштөн көрүп чыгуу, ошондой эле эфирди башкаруу мүмкүндүгүн берет.
Үйдөгү эң мыкты деп эсептелген ETNOMEDIA, START, PREMIER, WINK, AMEDIATEKA,«О!Кино» онлайн-кинотеатрларын кошуп алуу дагы жеткиликтүү.
Биздин сайттан дарегиңиз камтуу аймагына киргенин текшерип, үйдөгү интернет + ТВ кошууга өтүнмө калтырсаңыз болот.
Монтаждоо бригадасынын чыгышынын баасы 500 сомду түзөт.
Монтаждык бригаданын баруусу же жабдуу үчүн карыз бар болгон учурда, ал карызды жапканга чейин компаниянын кызматтары көрсөтүлбөйт.
✕
Жеке жактар үчүн
1. Тарифтик пландар менен «Тарифтер» бөлүмүнөн таанышыңыз.
2. Сиздин дарек боюнча кошуу мүмкүнчүлүгүн сайттан текшериңиз.
Маалымат алдын-ала болуп саналат жана Оператор тарабынан кошумча тактоону жана ырастоону талап кылат.
3. Эгер кошулуу мүмкүн болсо, «Арыз калтыруу» баскычын басыңыз.
4. Учурдагы телефон номери менен бардык керектүү талааларды толтуруңуз.
Консультация алуу үчүн арыз калтырыңыз, жакын арада Оператор Сиз менен байланышат.
Арызды ошондой эле:
Call-Center'ге: 0 708 909 000; 0 770 909 101; 0 554 909 900 номерлери боюнча чалып;
WhatsApp / Telegram'га 0708 909 000 номери боюнча жазып калтырса болот;
«Мой О!» тиркемесинин Saima Telecom бөлүмүндө;
Башкы офисте, дареги: Лев Толстой көчөсү 1/3.
O!Store дүкөндөр тармагында.
Арыз бергенден кийин, биздин менеджер кененирээк кеңеш берүү үчүн сиз менен байланышат.
МИЛДЕТТҮҮ: КЕЛИШИМ ТҮЗҮҮДӨ ПАСПОРТУҢУЗ БОЛУШУ КЕРЕК.